Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6-7
Ат-Башы айылы 16-июнь 2017-жыл
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү (соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын билдирүүсүн карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү (соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) сессияга сунушталган материал жеткиликтүү деңгээлде даярдалгандыктан кийинки сессияга калтырылсын;
- Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселеге материалды даярдоодо так жана өз деңгээлинде даярдоо жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине эскертилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары К. Асанбаева
Каттоо № 24