Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6-6
Ат-Башы айылы 16-июнь 2017-жыл
Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин сессияга катышпагандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча иштеринин абалы жөнүндөгү маселени кароо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кийинки сессиясына калтырылсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сессияга катышуусун камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары К. Асанбаева
Каттоо № 23