Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6-1
Ат-Башы айылы 16-июнь 2017-жыл
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү,
арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын
абалы жөнүндө.
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылды жашылдандыруу көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык канал көпүрөлөрдүн абалы боюнча айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун берген маалыматы эске алынсын.
- Базардагы сатылып жаткан эт азыктарынын сапатын текшерип, көзөмөлгө алып туруу Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы А.Мааданбековго тапшырылсын.
- Базардагы, соода түйүндөрдөгү сатылып жаткан сүт азыктардын, жер жемиштердин сапатын көзөмөлдөө райондук Санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ж.Токтобековага тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары К. Асанбаева
Каттоо № 18