Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги III сессиясынын
ТОКТОМУ № 3-4
Ат-Башы айылы 20-февраль 2017-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык
ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери боюнча Э. Абдымамытовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы 2016-жыл ичинде бир катар иштерди аткаргандыгы белгиленсин;
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Э. Абдымамытовго карата айтылган сын-сунуштар эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 8