Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин депутаттарынын төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-1
Ат-Башы айылы 10-январь 2017-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоого
карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңештинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн.
Эсептөө комиссиянын төрайымы - Г. Молдоянова;
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: К. Асанбаева, Э. Сейитказиев.
- Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону калыс, таза жүргүзүү тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 1-сессиясынын төрагасы М. Акматалиев
Каттоо №1