Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-4
Ат-Башы айылы 16-ноябрь 2018-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиеванын билдирүүсүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтомунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Максатка ылайыктуулугунан жана негиздүүлүгүнөн келип чыккан , ошондой эле жергиликтүү маанидеги иштер боюнча функцияларын бөлүштүрүү боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүндөгү жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча эки башкы адистин штаты, төмөндөгүдөй кайрадан түзүү жагы сунушталсын :
1. Жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар
боюнча башкы адис.
2.Инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис.
- Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын түндүк аймактык өкүлчүлүгү менен макулдашуу, тиешелүү конкурстарды өткөрүү жана фукционалдык милдеттерди иштеп чыгуу жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиевага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 29