Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
Кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-3
Ат-Башы айылы 16-ноябрь 2018-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак»
муниципалдык ишканасынын жетекчиси жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүнүн негизинде, айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Сулайманов Даниэлге макулдук берилсин.
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Сулайманов Даниэлди дайындоо боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго сунушталсын.
- Дайындалган «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси өзүнүн тармагы боюнча компетенциясынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысов
Каттоо №28