Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин маалыматы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-1
Ат-Башы айылы 16-ноябрь 2018-жыл
Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы
айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси
К. Асаналиевдин маалыматы жөнүндө
Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин берген маалыматынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында айдалган 46,0 гектар эгиндин 25,0 гектар жери аба ырайынын кескин өзгөрүп, бышпай калуу коркунучун жараткандыгына байланыштуу чөп катары чабылып кеткендиги белгиленсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 26