Ат-Башы райондук ҮБМБ нүн директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 06-июлундагы кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги III сессиясынын
ТОКТОМУ № 3-3
Ат-Башы айылы 28-август 2018-жыл
Ат-Башы райондук үБМБ нүн директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 06-июлундагы кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы районундагы Ак Сай өрөөнүнө үБМБ типтүү жаңы имаратын салуу жөнүндөгү Ат-Башы райондук үБМБнүн директору Т.Кадыракуновдун 2018-жылдын 06-июлундагы кайрылуусун угуп жана талкуулап , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай өрөөнүндөгү малчылардын кызыкчылыгы үчүн Ак-Сай өрөөнүнөн Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон жерден үБДТна имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
- Долбоорлук жана укук берүүчү документтери менен камсыз кылууга көмөктөшүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбеккке милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 23