Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2018-жыл үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттардын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги III сессиясынын
ТОКТОМУ № 3-2
Ат-Башы айылы 28-август 2018-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2018-жыл үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттардын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2018-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон 398 200 сом ( үч жүз токсон сегиз миң эки жүз миң) сом акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги үнөм болгон 398 200сом акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Беккари чуңкурун курууга 80 000 сом;
-Контейнер алууга 50 000 сом
-Тосмого, үстүн жабууга 30 000 сом
- Экологияга 75 000 сом;
- Бала бакчаларга: 64 200
-К.Тыналиев 27 000 сом;
-А.Курманалиев 20 000сом;
-Асылзат –Зирек 17 200 сом
- Кассалык аппарат 21 000 сом;
- Адвокат кызматына 80 000 сом;
- Госрегистр кызматына 78 000 сом;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 22