Ат-Башы айылынын Ак-Өргөө конушундагы Ч. Асаналиев №74/1 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги 4500 чарчы метр жер тилкесин тоорукка коюу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XVI сессиясынын
ТОКТОМУ
23-декабрь 2025-жыл № 16-1 Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын Ак-Өргөө конушундагы Ч. Асаналиев №74/1 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчиктеги 4500 чарчы метр жер тилкесин
тоорукка коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 10-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 17-декабрындагы №15 протоколунун, ошондой эле “Ат-Башы Эт комбинаты” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025-жылдын 1-октябрындагы №02-1/692 сандуу кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Ат-Башы айылынын Ак-Өргөө конушунун Ч. Асаналиев көчөсү №74/1 дарегинде жайгашкан, “Ат-Башы Эт комбинаты” жоопкерчилиги чектелген коомунун убактылуу пайдалануусунда турган муниципалдык менчиктеги 4500 (төрт миң беш жүз) чарчы метр жер тилкеси тоорукка коюлсун.
- Муниципалдык менчикте турган жерлерди берүү эрежеси бекитилгенден кийин, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси боюнча тоорук иш-чараларын мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү Ат-Башы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

