Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XV сессиясынын
ТОКТОМУ
27-ноябрь 2025-жыл № 15-5 Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө
2025-жылдын 19-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү” №502 токтомун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитип берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн берген сунушу сессияда каралып жана талкуулангандыгын эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Ат-Башы айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндөгү маселе сессияда каралып, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болбогондугу белгиленсин.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

