“Ат-Башы – Нарын – Ат-Башы” каттамында такси кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
6-ноябрь 2025-жыл № 14-3 Ат-Башы айылы
“Ат-Башы – Нарын – Ат-Башы” каттамында такси кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-ноябрындагы №7 корутундусунун негизинде, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын тартипке келтирүү жана “Ат-Башы Taxi” жоопкерчилиги чектелген коомунун күйүүчү-майлоочу майлардын жана авто тетиктердин кымбаттагандыгына байланыштуу жол кирени жогорулатып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- “Ат-Башы – Нарын – Ат-Башы” каттамында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча такси кызматын көрсөтүүчү айдоочулардын кызмат акысы 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Такси кызматын көрсөтүүдө колдонулган автоунаалардын орун санына (4 орундуу же 7 орундуу) карабастан жол акысы бирдиктүү болуп эсептелсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага У. Мелис уулу

