“Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамынын кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

6-ноябрь 2025-жыл № 14-2                                                                        Ат-Башы айылы 

 

“Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамынын кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-ноябрындагы №7 корутундусунун негизинде, ошондой эле “Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун күйүүчү-майлоочу майлардын жана авто тетиктердин кымбаттагандыгына байланыштуу жол кирени жогорулатып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Ат-Башы айыл аймагындагы “Чеч-Дөбө транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун маршруттук каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат акысынын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин:
    1. окуучулар үчүн – 10 (он) сом;
    2. чоңдор үчүн – 20 (жыйырма) сом.
  2. Маршруттук каттамдын иштөө убактысы кышкы мезгилде, башкача айтканда,             1-ноябрдан 1-февралга чейин иш күндөрү саат 19:00гө чейин жүргүзүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.
  4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.  

 

         Төрага                                                                                                 У. Мелис уулу

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет