“Ат-Базы тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

ТЕСКЕМЕСИ

24-октябрь 2025-жыл № 1                                                                        Ат-Башы айылы 

 

“Ат-Базы тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу жөнүндө

 

     «Ат-Башы-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу айылдык кеңештин сессиясында берилген маалыматты угуп, ишкананын каржылык абалын жакшыртуу жана чыгашаларын оптималдаштыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, тескеме кылат:

  1. «Ат-Башы тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
  2. Ишкананын кирешелери жана чыгашалары боюнча берилген маалымат толук эмес экендиги белгиленип, каржылык эсептерди жана ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрүн тактоо ишкананын жетекчиси Т. Курманалиевге тапшырылсын.
  3. Ишкананын чыгашаларын оптималдаштыруу жана үнөмдөө боюнча иш-чаралар иштелип чыксын.
  4. Зарыл учурда кызматкерлердин санын кыскартуу, жумуш процессин натыйжалуу уюштуруу жана чыгымдарды азайтуу боюнча конкреттүү сунуштар даярдалсын.
  5. Айыл өкмөтү менен «Ат-Башы тазалык» муниципалдык ишканасынын ортосундагы функционалдык милдеттерди, жоопкерчиликтерди жана өз ара аракеттенүү тартибин тактап чыгып, бул боюнча маалыматты кийинки сессияга чейин айылдык кеңешке  сунуштоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  6. Бул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.  

 

         Төрага                                                                                                 У. Мелис уулу

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет