Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы паркынын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-октябрь 2025-жыл № 13-4 Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылындагы “Мистекан Сооронбаева” атындагы паркынын курулушунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ат-Башы айылынын Карыялар кеңеши тарабынан «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу түшкөн кайрылуунун негизинде, аталган парктын курулушунун учурдагы жүрүшү боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоев берген маалыматы угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Ат-Башы айылындагы «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын курулушунун учурдагы абалы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевдин берген маалыматы эске алынсын.
- Жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын “Жаратылышты коргоо боюнча өнүктүрүү фондуна” өздүк салым катары бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сомдун ичинен аталган фонд тарабынан 3 000 000 (үч миллион) сомго металл тосмо куруу жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери аткарылгандыгы, ал эми калган 2 000 000 (эки миллион) сом айыл өкмөтүнүн эсебине кайтарылып түшкөндүгү белгиленсин.
- «Мистекан Сооронбаева» атындагы парктын алдына унаа токтотуучу жай уюштуруу, парктын ички тазалоо иштерин камсыз кылуу жана инвесторлор менен кызматташуу багытында иш алып баруу Ат-Башы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Аталган маселени көзөмөлдөө бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага У. Мелис уулу

