Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМ № 2-7 ПОСТАНОВЛЕНИЕ
25-май 2018-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү боюнча айылдык кеңештин депутаты Э.Абдымаликовдун сунушунун мыйзамдуулугун карап тактап чыгуу жагы айыл өкмөттүн башкы адис-юристи А.Кудайбергеновага милдеттендирилсин.
- Жогорудагы маселе айылдык кеңештин кийинки кезексиз сессиясына калтырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 19