Ак-Жар айылындагы “Акжар-Сезими” бала бакчасынын жанына 120 орундуу бала бакча салуу үчүн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын

ТОКТОМУ

24-октябрь 2025-жыл № 13-3                                                                        Ат-Башы айылы 

 

Ак-Жар айылындагы “Акжар-Сезими”  бала бакчасынын жанына 120 орундуу бала бакча салуу үчүн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодексинин 30-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-октябрындагы №12 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

  1. Ак-Жар айылындагы “Акжар-Сезими” бала бакчасынын короосуна жаңы 120 орундуу бала бакча куруу үчүн идентификациялык коддору 4-02-02-1001-0370 жана 4-02-02-1001-0142 болгон жер тилкелери менен бирге түштүк тарабындагы “кызыл сызыкка” чейинки 378 чарчы метр муниципалдык менчиктеги жер тилкеси кошулсун жана бирдиктүү бала бакча үчүн жер аянты катары бекитилсин.
  2. Тиешелүү документтерин толук даярдап, бүтүрүп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаарлар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын. 

 

 

         Төрага                                                                                                 У. Мелис уулу

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет