АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун кызматынан түшкөн жылдык кирешенин 3 (үч) пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясынын
ТОКТОМУ
24-октябрь 2025-жыл № 13-2 Ат-Башы айылы
АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун кызматынан түшкөн жылдык кирешенин
3 (үч) пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жөнүндө
Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 21-октябрындагы №6 корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын аймагындагы АРИСтин “Айылды инвестициялоо” долбоору аркылуу алынган МТЗ 892-2 трактору айыл чарба иштеринде жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдө пайдаланылып келет. Трактордон түшкөн кирешенин бир бөлүгүн айыл өкмөтүнүн бюджетине багыттоо жана техниканын ээсинин жоопкерчилигин тактоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- Ача-Кайынды айылындагы МТЗ 892-2 тракторунун (шаймандары менен) кызмат акысынан түшкөн жылдык жалпы кирешеден чыгымдар жана амортизациялык төлөмдөр алынгандан кийин калган таза кирешенин 3 (үч) пайызы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебине төгүлсүн.
- Трактордун ээси менен Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ортосунда расмий келишим түзүлсүн, анда кызмат көрсөтүү тартиби, кирешелерди бөлүштүрүү, жана жоопкерчиликтер так көрсөтүлсүн.
- Түшкөн каражат айыл аймагынын социалдык жана инфраструктуралык муктаждыктарына пайдаланылсын.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага У. Мелис уулу

