Делегаттардын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XII сессиясынын
ТОКТОМУ
14-октябрь 2025-жыл № 12-1 Ат-Башы айылы
Делегаттардын санын, жумушчу топтун курамын бекитүү жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны өтүүчү жайды аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” № 270 Жарлыгына жана Уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык, III Элдик Курултайдын Улуттук Кенеши 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып, ошондой эле мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 9-октябрындагы № 9 корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
- 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны чакыртылсын жана “Чатыр-Көл” кинотеатрынын жыйындар залында саат 11.00 дө өткөрүлсүн.
- Ат-Башы айыл аймагындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын өкүлдөрүнүн (делегаттарынын) саны 100 адам деп бекитилсин, анын ичинде:
- Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы – 30
- Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы – 30
- Ача-Кайынды айылы – 20
- Ак-Жар айылы – 20.
- Ат-Башы айыл аймагында жарандардын жыйынында жергиликтүү коомдоштуктун жыйынынын өкүлдөрүн (делегаттарын) шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобунун курамы бекитилсин:
- У. Мелис уулу, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы - жумушчу топтун төрагасы;
- Н. Кемелова, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы- жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- С. Өмүралиев – Аксакалдар сотунун төрагасы;
- Н. Жаныгулова - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- М. Мамыралиев - Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- И. Абдыкеримов – Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты;
- Б. Кубанычбеков – Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- А. Бейшенбек кызы – Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономист-статисти;
- Б. Абдыразакова – Ат-Башы айылынын аялдар кенешинин төрайымы;
- Т. Советбеков – Ат-Башы айылынын жаштар кенешинин төрагасы.
- Жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жумушчу топ менен биргеликте иш жүргүзүшсүн.
- Жыйын өтүүчү жайларды, материалдык-техникалык керектөөлөрдү камсыз кылуу, жыйындарды өткөрүүгө көмөктөшүү жагы айыл өкмөттүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
- Ат-Башы айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо жагы Ат-Башы РИИБге тапшырылсын.
- Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага У. Мелис уулу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы
кезексиз XII сессиясынын
№12-1 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагындагы жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги
|
№ |
Квартал |
Өткөрүү күнү, жери |
Өткөрүү жери |
Сааты |
|
1 |
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы |
21.10.2025
|
“Чатыр-Көл” кинотеатрынын жыйындар залында |
14.00 |
|
2 |
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы |
21.10.2025
|
К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жыйындар залында |
16.00 |
|
3 |
Ача-Кайынды айылы |
22.10.2025 |
Ача-Кайынды айыл өкмөтүнүн имаратынын жыйындар залында |
14.00 |
|
4 |
Ак-Жар айылы |
22.10.2025 |
Ак-Жар Маданият үйүнүн имаратынын жыйындар залында |
16.00 |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы
кезексиз XII сессиясынын
№12-1 токтомуна 2-тиркеме
Жарандардын жыйынында делегаттарды шайлоо боюнча жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси
|
№ |
Квартал |
Жооптуу депутаттар
|
|
1 |
Ат-Башы айылынын күн чыгыш тарабы |
Алымбекова Акылай Ишеналиевна Жумаев Бекжан Урматович Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовна Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович Энтериева Айнагүл Тезекбаевна Бакенов Нургазы Женишбекович Шайлообек кызы Бактыгүл Омокоев Бактыбек Дүйшөбаевич Бобушова Элнура Тентиевна
|
|
2 |
Ат-Башы айылынын күн батыш тарабы |
Мелисов Илгиз Мелисович Муратова Жасмина Муратовна Аскербек кызы Саламат Замирбеков Толубай Замирбекович Сейитказиева Майрамкүл Адылбековна Тыналиева Сагынбүбү Күмөндөровна Мамытбекова Венера Качкыновна Жаныгулова Назира Мамбеталиевна
|
|
3 |
Ача-Кайынды айылы |
Абыталыпов Жапар Жакыбалиевич Албанова Дүйшөбүбү Аманакуновна Надырбекова Самара Токтоналиевна Жумалы уулу Максатбек Муханбет уулу Анарбек Сасанова Эльмира Карагуловна
|
|
4 |
Ак-Жар айылы |
Алыкеева Гүлнара Турганбаевна Имашов Бексултан Кубанычбекович Имашов Нурсултан Кубанычбекович Пазылахунова Саида Калимжановна Соромбаева Нурзада Бейшеналиевна
|

