Ача-Кайыңды айылында сейил бак ачылды.

Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылында жергиликтүү тургундар үчүн чоң кубаныч жараткан сейил бактын ачылыш аземи болуп өттү. Сейил бакты реконструкциялоо боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын иш-планына киргизилип,Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата ачылышы болду.
Ачылыш аземге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Сатаров,Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абдыкадыров катышышты.
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.У.Докоев өз сөзүндө айыл аймагыбызды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында жасалып жаткан иштердин бири катары бул сейил бак ар бир үй-бүлөнүн сүйүктүү жайына айланарына ишенем деп сөзүн жыйынтыктады.
Бул иш-чара айыл элинин эс алуусуна,спорт менен машыгуусуна жана айылдын көркүнө көрк кошууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.

