Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-6
9-сентябрь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын
орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы №2-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Курманалиев Талант Искендерович депутаттык мандатын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Алыкеева Гүлнара Турганбаевна ачык добуш берүү жолу менен шайлангандыгы таанылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 63

