Ат-Башы айыл аймагында тынчтыкты сактоо боюнча чаралар жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын
ТОКТОМУ №11-3
9-сентябрь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагында тынчтыкты сактоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын камсыз кылуу максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
-
Ат-Башы айыл аймагында төмөнкү убакыт аралыктарында ызы-чууну жараткан аракеттерге тыюу салынсын:
- жумуш күндөрү саат 22:00дөн – 07:00гө чейин;
- эс алуу күндөрү саат 22:00дөн – 09:00гө чейин.
- Тыюу салынган аракеттер катары төмөнкүлөр белгиленсин:
- телевизорлорду, радиокабылдагычтарды, үн күчөткүчтөрдү жана башка түзүлүштөрдү колдонуп ызы-чуунун ченемден ашкан деңгээлин чыгаруу;
- музыкалык аспаптарда ойноо, ырдоо, кыйкырып-өкүрүп ызы-чуу чыгаруу;
- коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө жана коомдук тамактануу жайларында үндүн деңгээлин жогорулатуу.
- Бул токтомдун талаптарын бузган жарандар Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилсин.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө жана тиешелүү мекемелерге ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 60

