Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,40 га жер тилкесин Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын

ТОКТОМУ №11-2

9-сентябрь 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы 

                       

Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушундагы 0,40 га жер тилкесин  Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

          Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 29-августундагы №23-6/5476 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” конушунда жайгашкан 0,40 гектар жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө 107 орундуу бала бакча куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
  1. Берилген 0,40 га жер тилкеси муниципалдык менчиктеги жер болуп калтырылсын;
  1. 0,40 га жер тилкеси Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө мурда көп кабаттуу турак жай куруу үчүн берилген 0,60 га жер аянтына жакын жайгашкан жерден берилсин.
  1. Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

 

                                                                                                                         Каттоо № 59

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет