Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XI сессиясынын

 

ТОКТОМУ №11-1

 

9-сентябрь 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы 

                       

Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 2 (эки) га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө                                                                                                                               

               Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай  саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесине жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайык жергиликтүү тургундарды турак жай менен камсыз кылуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                      

  1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 2 (эки) гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;
  1. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.
  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү иштерин уюштурсун;
  1. Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы “Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндөгү”  №11-3 токтому жокко чыгарылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                            

 

         Каттоо № 58

             

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
622
11
66
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет