Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы муниципалдык жер аянтын оперативдик башкарууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз X сессиясынын
ТОКТОМУ №10-2
29-август 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы муниципалдык жер аянтын оперативдик башкарууга берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына таянып, Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 30-июлундагы №23-6/4958 сандуу кайрылуусун карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө тиешелүү М. Жунусов көчөсү №7 дарегинде жайгашкан жер аянтында салынып жаткан спорт комплекске кирип-чыгуучу жолдун күн батыш тарабындагы 25 чарчы метр муниципалдык жер аянты оперативдик башкарууга берилсин;
- Жер тилкесинин чектерин тактоо жана тиешелүү техникалык документтерди даярдоо иши Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 56

