Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы, соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМ № 2-5 ПОСТАНОВЛЕНИЕ
25-май 2018-жыл Ат-Башы айылы
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы, соода-сатык
түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин
аныктоо жөнүндө
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы, соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мызамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода- сатык,энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мызамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын берген маалыматы эске алынсын.
- Ат-Башы айылындагы «Береке» базарын ирээтке келтирүү максатында тротуарларда туруп алып соода кылган ишкерлерге «Ат-Башы- Дордой» базарынан соода кылгандай орун уюштуруп берүү жөнүндө кайрылуу, «Дордой» ассоциациясынын президенти А.Салымбековго айылдык кеңештин атынан жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 17