2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын

ТОКТОМУ №8-8

 

29-май 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы                         

2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 токтомуна ылайык Ат-Башы районунун прокуратурасы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине  которуу боюнча 2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасынын талаптарын аткаруу максатында  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 282 700,8 сом жана жайыт жерди эрозияга алып келгендиги үчүн эсептелинген 418 003 сом, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 700 703,8 (жети жүз мин жети жүз үч) сом акча каражаты “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн аккумуляциялык эсебине түздөн-түз которулуп кеткендиктен, жогорудагы акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине кайра которууга макулдук берилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.           

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

                                                                                                                                  

 

       Каттоо № 40

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет