“Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын

ТОКТОМУ №8-7

 

29-май 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы  

                                                                                                                                                                           

“Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу”  наамы жөнүндө Жобону 

бекитүү жөнүндө

                                                                                        

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, айылдык кеңештин токтомдорун, жоболорун жана чечимдерин кабыл алуу укугуна таянып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                       

  1.  “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндөгү Жобо  1-тиркемеге ылайык бекитилсин; Тиркеме тиркелет 5 (беш) баракта.
  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы жана кеңештин катчысы бул жобонун ишке ашырылышын камсыз кылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                                                                                          

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                            

 

 

        Каттоо № 39

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                                кеңешинин 29-май 2025-жылдагы

                                                                  кезектеги VIII сессиясынын

                                                                              №8-7 токтомуна 1-тиркеме

 

 

«Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы жөнүндө Жобо

1. Жалпы жоболор

  1. Ат-Башы айыл аймагынын деңгээлиндеги “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагында жарандарды сыйлоонун эң жогорку формасы жана алардын мамлекеттик жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
  2. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан берилет. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамы мамлекеттик тилде жазылат.
  3. “Ат-Башы айылынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнүн, ыйгаруунун, тапшыруунун, сактоонун тартиптери жана башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
  4. Чет өлкөдө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын алдында сиңирген эмгектери үчүн “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланышы мүмкүн. Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет. 
  5. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимге, акимдин орун басарларына, район аймагындагы  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, жергиликтүү кеңештин төрагаларына жана депутаттарына иштеп жаткан мезгилинде ыйгарылбайт.
  6. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жогоруда аталган кызматтарды ээлеген атуулдарга жумуш мөөнөтү аяктагандан жарым жылдан кийин ыйгарылышы мүмкүн.
  7. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы соттук териштирүүлөргө алынган жана мөөнөтү аяктабаган жарандарга ыйгарылбайт.
  8. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
  9. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш көзү өткөн жарандарга каралбайт.  
  10. Бир эле адам “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен эки жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнүн тартиби
    1. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды төмөндөгүлөр киргизет:
    • райондук мамлекеттик администрация;
    • айыл өкмөтү, айылдык кеңеш;
    • мекеме-ишканалардын эмгек жамааты (менчигинин түрүнө карабастан);
    • коомдук уюмдар;
    • көчөнүн жашоочулары;
    • жеке менчик ишканалардын жамааттары;
    • башка мамлекеттик органдар.
    1.  “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр биринчи кезекте ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жамааттарынын жалпы чогулушунда талкууланат жана жеке жарандар өтүнүчтөрү менен кайрылууга укуктуу.
    2. Мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын жетекчилери, жеке жарандар “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөрдү кароонун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунуштарды даярдап киргизет. 
    3. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарда сунушталган адамдын сапатын мүнөздөгөн маалыматтар, тармакта жана тиешелүү жамаатта иштеген жалпы эмгек стажы, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына конкреттүү сиңирген эмгектери, ишинин натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө маалыматтар, аталган мамлекеттик жана өкмөттүк сыйлыктарын күбөлөндүргөн документтер нотариат тарабынан күбөлөндүрүү менен тиркелет.
    4. Сунуштарга сыйланууга сунушталган адамдын 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүү фото сүрөтү тиркелүүгө тийиш.
    5. үстүнөн оңдолуп жана түзөтүлүп жазылган, туура эмес толтурулган жана фото сүрөтү болбогон сыйлоо материалдары карап чыгууга кабыл алынбайт.
    6. Сыйлоо боюнча материалдарга, сунуш кылып жаткан юридикалык жактардын жетекчилеринин кол тамгасы коюлат жана алардын мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
    7. Сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндө комиссиянын чечимдери боюнча жарандардын даттануулары жана арыздануулары каралбайт.
    8. Сыйлыкка көрсөтүү үчүн сунушка тиркелүүчү документтердин тизмеги төмөндөгүлөрдү камтыйт.
    •    талапкерлерди “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү тууралуу мекеме-уюмдардын, коомдук уюмдардын жалпы чогулуштарынын протоколдору, токтомдору, сунуштары жана жеке жарандардын өтүнүчтөрү;
    • талапкердин өздүк баракчасы;
    • талапкердин өмүр баяны;
    •    талапкердин Кыргыз Республикасына, Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарына сиңирген өзгөчө эмгектери жөнүндө справкалар;
    • талапкердин 3х4 өлчөмүндөгх 2 даана түстүү фотосүрөтү;
    • эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
    • мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
    • паспортунун көчүрмөсү;
    • соттолбогондугу жөнүндө тактама;
    • зарыл болгон шартта атайын комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
    1. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды Ат-Башы айыл өкмөтү кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешине жөнөтөт.
    2. Сунуштар  айыл өкмөткө 1 (бир) ай мурун берилет.
    3. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
    4. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо тууралуу сунуштар “Нооруз” майрамына жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн күнүнө карата Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, сессияга сунушталат.
    5. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу  Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдары боюнча  бир жылда  5 (беш) адамдан ашпоосу зарыл.  
    6. Зарыл болгон учурда туруктуу комиссиянын ишине сыйлыкка келген материалдарды калыс кароо үчүн адистер, мекеме-ишканалардын, мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тартылышы мүмкүн.
    7. “Ат-Башы айылы аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
    • СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн орден-медалдар, Президенттин, Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы” менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, баардык багыт боюнча эмгек сиңирген ишмерлер, СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, эки жолудан кем эмес айылдык кеңешке депутат болгондор, өлкөнү коргоодо эрдиктерди көрсөткөн Ата Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык өнүгүүгө кошкон эмгеги үчүн элге белгилүү болгон инсандар;
    • айылдын элинин намысын бийик көтөрүп, эл арасында кадыр-баркы чоң, ынтымак, биримдикти чыңдагандар;
    • айылдын айыл чарбасында үзүрлүү эмгектенип, үлгүлүү жактарын ар качан эл ичинде көрсөтүп келе жаткандар;
    • эл чыгармачылыгына, маданиятка, адабиятка, искусствого, дене тарбияга жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатында ишмердиги менен жогору айырмаланган атуулдар;
    • айыл аймагында өзгөчө эрдиктерди көрсөтө алган, коомдук тартипти сактоого бөтөнчө үлүшүн кошуп, мамлекеттик сыйлыктын ээси болушкан атуулдар;
    • мекемелерди беш жылдан кем эмес үзүрлүү жетектеп, алардын чарбалык, экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошкондор;
    • айылдын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө барандуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракети жогору бааланган эмгек ардагерлер;
    1. Туруктуу комиссия “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталган талапкерлердин материалдарын өзүнүн отурумунда карап, жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жалпы сессиясына тийиштүү сунуштамаларды берет;
    2. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердлин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелинет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
    3.  “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу чечимин кабыл алуу жөнүндөгү маселе наамга көрсөтүлгөн жак катышпаган учурда деле каралышы мүмкүн.
    4. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына сунушталып, колдоо таппаган талапкерлердин материалдары катчылык тарабынан сунуш кылган органга кайтарылат.
    5.     “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын тапшыруунун тартиби
    6. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы сыйланган адамдын өзүнө салтанаттуу кырдаалда тапшырылат;
    7. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын тапшыруу алдында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтому окулат;
    8. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча жана анын атынан орун басары жана башка кызмат адамдары тапшырышы мүмкүн;
    9. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин сыйлык берүү жөнүндө токтомуна кол коюлган күндөн баштап бир айдан кечиктирилбестен тапшырылат;
    10. Сыйланган адамга сыйлыкты тапшыруу менен бир эле учурда ардактуу наамга татыктуу болгон адамга күбөлүк, төш белги жана лента берилет;
    11. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө  салтанаттуу иш-чараларда, жыйындарда тапшырылышы мүмкүн;
    12. Эгерде сыйланган адам оорунун же майыптыктын айынан тапшырууга келе албаса, сыйлык ала турган жеринде тапшырылат.
    13. Сыйлоо жөнүндө документтердин мөөнөтү болбойт. Сыйлоо жөнүндө документтерге кандайдыр бир оңдоолорго жол берилбейт. Сыйлоо жөнүндө документ сыйланган адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндүгүнө байланыштуу алмаштырылбайт.
    14. Сыйланган адамдын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын жазылышында айырмалар табылган учурда Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан тактоо актысы түзүлүп, катачылыктарды оңдоо боюнча чаралар көрүлөт.
    15. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын, документтерди  сактоонун тартиби
    16. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына татыктуу болгон адамдар ал сыйлыктарды сактоону камсыз кылууга тийиш. Сыйлыктар, ошондой эле анын документтери жоголуп кеткен учурда сыйлангандар сыйлыкка болгон өз укуктарын сактап калат.
    17. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйлоо тууралуу документтер жоголуп кеткен учурда, сыйланган адамдын, же болбосо жакын туугандарынын (сыйланган адам каза болуп калган учурда, кайрылууга мүмкүнчүлүгү болбосо), сыйланган адамды сунуш кылган мекеме-уюмдардын өтүнүчтөрү боюнча атайын комиссиянын чечимдери менен тийиштүү документтердин дубликаттары берилет. Ал эми сыйланган адамдардын “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” китепчеси жоголуп кеткен учурда кайра жазылып берилбейт.
    18. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланган адамдын документтери сыйланган адам каза болгондон кийин тагынуу, пайдалануу укугусуз анын үй-бүлөсүндө калтырылат. Өлгөн адамдын мураскорлугунун макулдугу менен сыйлыктары жана документтер музейлерге берилиши мүмкүн.
    19. Кыргыз Республикасынан кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өзүнө таандык сыйлыктарды жана алардын документтерин алып кетүүгө укуктуу.
    20. Сыйлык белгилерин мыйзамсыз жазап алуу жана тагынып жүрүү, сатуу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
    21. Башка жоболор
    22. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу”наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдалана алат.
    23. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” Ат-Башы айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
    • Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарынын коомчулугунун ар кандай салтанаттуу жыйындарына ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
    • жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
    • мүмкүнчүлүккө жараша көчө жана башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга.
    1. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынын ээси төш белгисин тагынып, күбөлүгүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда сөгүнүүгө, коомдук тартипти бузууга тыюу салынат.
    2. Жүрүш-туруш нормалары жана кылган иши айылдын деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр-чатак, мушташуу ж.б.у.с.) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу жагы каралат.
    3. “Ат-Башы айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу атайын комиссиянын чечими менен аныкталат.
    4. Наамын ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берилүүгө тийиш.  

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет