Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-6
29-май 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын базалык ченемдерин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктунун негизинде Ат-Башы айыл аймагындагы санитардык тазалыкты, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле күйүүчү-майлоочу жана техникалык керектөөлөрдү каржылоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайыңды айылдарында жайгашкан имараттардын ээлеринен төмөндөгүдөй жыйымдар алынсын:
- Ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган турак жайлардын ээлеринен (ар бир түтүндөн) – айына 100 (бир жүз) сом;
- Ишкердик ишке арналган чоң аянттуу (100 чарчы метрден өйдө) коммерциялык имараттардан (соода борборлору, курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрү, тез татым жайлары, жер-жемиш саткан жайлар, кичи ишканалар ж.б.) ээлерине – айына 1200 (бир миң эки жүз) сом;
- Кичи аянттагы (100 чарчы метрге чейин) соода жайларынын (контейнер, ларёк, павильон ж.б.) ээлеринен – айына 200 (эки жүз) сом.
- Ак-Жар айылында жайгашкан полигонго таштандыларды ташып келген унаалар үчүн кирүү акысы төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Жеңил автоунаалар үчүн – 100 (бир жүз) сом;
- Жүк ташуучу чоң автоунаалар үчүн – 300 (үч жүз) сом.
- Жыйналган каражаттар айыл ичиндеги санитардык-тазалыкты сактоо, таштанды төгүлгөн полигонду рекультивациялоо, техникаларды оңдоо жана тейлөө, кызматкерлердин айлык маяналарын төлөө максатында пайдаланылсын;
- Жыйымдарды чогултууда имарат ээлери менен милдеттүү түрдө келишим түзүлсүн жана төлөмдөрдү алуу боюнча расмий квитанция берүү тартиби киргизилсин;
- Таштанды чыгаруу кызматы жыл бою үзгүлтүксүз жана белгиленген график боюнча жүргүзүлсүн;
- Төлөм жүргүзбөгөн жарандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлсүн;
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын 2023-жылдын 6-октябрындагы №7-5 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 38