“Ат-Башы Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичиндеги жана 2025-жылдын жарым жылдыгына карата аткарылган иштер тууралуу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-5
29-май 2025-жыл Ат-Башы айылы
“Ат-Башы Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичиндеги жана
2025-жылдын жарым жылдыгына карата аткарылган иштер тууралуу
маалыматын угуу жөнүндө
“Ат-Башы Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичиндеги жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн ишмердүүлүгү, ишкананын күнүмдүк иштери, таштандыларды чыгаруу, тазалыкты камсыз кылуу, техниканын абалы, шагыл төгүү иштери жана каржылык абалы тууралуу ишкананын жетекчиси Т.Ыдырысовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жыл ичиндеги жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылган иштери тууралуу берген жетекчиликтин маалыматы эске алынсын;
- Ишкананын 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгында төмөнкү багыттар боюнча иштерди күчөтүүсү сунушталсын:
- Каржылык тартипти бекем сактоо жана ачык-айкын эсеп берүүнү камсыз кылуу;
- Таштандыларды өз убагында жана үзгүлтүксүз чыгарууну камсыз кылуу;
- Полигондун айланасын тосуу, ирээтке келтирүү жана коопсуздукту камсыз кылуу.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 37