Ат-Башы айыл аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн эсептелүүчү мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №8-4

 

29-май 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы                         

Ат-Башы айыл аймагындагы турак жай имараттары жана жайлары үчүн эсептелүүчү мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө                                                                                     

            Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын  2025-жылдын 20-январындагы №01-09/27 сандуу чыгыш катынын негизинде жана  Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                                 

  1. Ат-Башы айыл аймагында турак жай имараттар жана жайлар үчүн эсептелүүчү мүлк салыгы 1 чарчы метрине 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  1. Бул токтомдун негизинде Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча адиси жана тиешелүү кызматтар тарабынан салык төлөөчүлөргө маалымдоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

        

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

                                                                                                                                   

 

       Каттоо № 36

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет