Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер тилкесин бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө

 Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги VIII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №8-2

 

29-май 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы                         

                       

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы 0,30 га жер тилкесин бир категориядан башка категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө

                                                                                                                                   

            Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасындагы Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №665 токтомунун талаптарына жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, ошондой эле Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын  2025-жылдын 25-апрелиндеги №3 оң корутундусунун негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                      

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ача-Кайыңды айылынын “Кичи-Кайыңды” участогундагы №842 контурундагы жалпы аянты 20,2 га чийлүү жайыт жеринин аянтынан, мунун ичинен 0,30 га жер аянтын “Чийлүү жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
  1. Бул жерден сырткары калган 19,9 га жайыт жери айыл өкмөтүнүн жана тиешелүү жайыт адистеринин катуу көзөмөлүндө болсун жана башка максаттарга мыйзамсыз колдонууга жол берилбесин;
  1. Трансформациялоого байланыштуу зарыл болгон документтерди чогултуу жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.  

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                            

 

        Каттоо № 34

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет