Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инклюзивдик атайын мамлекеттик майып балдар бакчасын ачып берүү тууралуу “Ак-Байрак” майып балдар борборунун жазган өтүнүч катын кароо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №7-4

 

29-апрель 2025-жыл                                                                                      Ат-Башы айылы 

                       

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инклюзивдик атайын мамлекеттик майып балдар бакчасын ачып берүү тууралуу “Ак-Байрак” майып балдар борборунун жазган өтүнүч катын кароо жөнүндө

                                                                                         

             Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык, ошондой эле “Ак-Байрак” майып балдар борборунун арызынын негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн  инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу маселесин кароо зарылдыгы жаралгандан улам, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                                    

  1. “Ак-Байрак” майып балдар борборунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн  инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу тууралуу арызы каралсын;
  2. Бул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынан турган убактылуу комиссия түзүлсүн;
  3. Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирсин:

         Комиссиянын төрагасы:   депутат Н. Шаякматов

         Комиссиянын мүчөлөрү:  депутаттар Б. Омокоев, А. Муканмет уулу,

                                                        Ы. Мөндүрбаева, М.Мамыралиев, А. Алымбекова,

                                                        М. Сейитказиева, Д. Албанова, Т. Замирбеков,

                                                        Ат-Башы райондук билим берүү борборунун,

                                                        Ат-Башы райондук социалдык коргоо

                                                        башкармалыгынын, Ат-Башы райондук ЖДПБнун

                                                        өкүлдөрү (макулдашуу жолу менен)

  1. Комиссияга  төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:
  • “Ак-Байрак” майып балдар борборунун, А. Курманалиев атындагы бала бакчанын жана депутат Ы. Мөндүрбаеванын сунуштарын терең талдоо;
  • Иштеп жаткан мыйзамдарга, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жана социалдык керектөөлөргө жараша өзүнчө корутунду даярдоо;
  • Аталган демилгени ишке ашыруунун укуктук жана каржылык жагын иликтөө;
  • Кеңешке сунуш киргизүү үчүн 30 календарлык күндүн ичинде жыйынтык берүү.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

                                                                                                                                   

       Каттоо № 32

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет