Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-3
29-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын
2025-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык 2025-жылга карата жайыт пайдалануу тартибин жөнгө салуу максатында өткөрүлгөн элдик жыйындын жыйынтыгына ылайык, сунушталган ички тартип эрежелери каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга карата ички тартип эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тилкелет 2 (эки) баракта.)
- Бекитилген ички тартип эрежелерин бардык жайыт пайдалануучуларга жеткирүү, түшүндүрүү жана аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасына тапшырылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 31
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 29-апрель 2025-жылдагы
кезексиз VII сессиясынын
№7-3 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын
2025-жылга карата ички тартип эрежелери
- Ат-Башы айыл аймагынын тургундары жайыт акыга ар бир баш кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон, бодо малга 100 (бир жүз) сомдон төлөсүн;
- Башка айыл өкмөттөрдүн жайыттарына малын жайып келген жарандарга эскертүү: Жайыт акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциясын көрсөтүүгө милдеттүү, эгерде тиешелүү квитанция көрсөтүлбөсө, жайыт акысы Ат-Башы айыл аймагынын муниципалдык ишканасына төлөнүүгө тийиш;
- Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;
- Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 токтонунун талаптарына ылайык иш алып барылсын;
- Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайыт жерлеринин кыртышын бузууга жол берилбесин;
- Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 15 (он беш) сомдон акы алынсын;
- Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;
- Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көрсөтүлгөн көчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;
- Ички жайыттарга Ат-Башы, Ак-Жар айылдарынын тургундары үчүн 2025-жылдын 20-апрелинен калбай, Ача-Кайынды айылынын тургундары үчүн 2025-жылдын 1-майынан калбай көчүрүлсүн;
- 2025-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт кызматкерлери, жер пайдалануучулар менен биргеликте корук уюштурулсун;
- Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге 1(бир) баш атка уруксат берилсин;
- Жайкысын ички жайыттардан бир да малчы калбай алыскы жайыттарга 2025-жылдын 20-майынан калбай Ак-Жар, Ат-Башы айылынын мал-жандыктары, 2025-жылдын 1-июнунан калбай Ача-Кайынды айылын мал-жандыктары көчүрүлсүн;
- Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн;
- Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;
-1 баш бодо малга 1000 (бир миң)сом.
-1 баш кой, эчкиге 100 (бир жүз)сом.
- 2025-жылдагы мал багуу (бада) акысы бодо малдын бир башына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Ача-Кайынды айылы үчүн - 800 (сегиз жүз) сом;
- Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары үчүн - 500 (беш жүз) сом.
- Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары боюнча мал багуучу аты айыл өкмөт тарабынан дайындалат.
- Чабандардын мал багуудагы акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
- майда жандыктар үчүн – 100 (бир жүз) сом;
- бодо мал үчүн – 600 (алты жүз) сом.
- Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жайыт жерлеринин айланасын тосууга тыюу салынсын;
- Дыйкандардын оруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин жайлоодон көчүп келүүгө 2025-жылдын 1-октябрынан тартып уруксат берилсин;
- Ушул ички тартип эрежелерин бузган жарандарга мыйзамга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын Аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.