“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-2
29-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун
2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистери тарабынан сунушталган 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча жылдык иш планы каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет 3(үч) баракта).
- Мындан ары жайыт пайдаланууга байланыштуу жылдык иш пландарды өз учурунда иштеп чыгып, бекитүү тууралуу сунуш берүү жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 30
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 29-апрель 2025-жылдагы
кезексиз VII сессиясынын
№7-2 токтомуна 1-тиркеме
- “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун
2025-жылга планы
№ |
Иш-чаралардын аталышы |
Ким жооптуу |
Өнөктөштөр |
Аткаруу мөөнөтү |
1 |
Жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо |
“Ат-Башы Тазалык” МИ жайыт адистери |
АӨ |
Февраль, март. |
2 |
Жайытты башка максатта пайдалануучулардын тизмесин тактоо |
“Ат-Башы Тазалык” МИ жайыт адистери |
АӨ |
Февраль, март |
3 |
Малдын санын тактоо |
Айыл өкмөтү, МИ жайыт адистери |
Кварталдык комитет башчылары |
Февраль, март, апрель |
4 |
Кыркым пункту ишке киргизүү |
Аймактагы жеке кой кыркуучу жарандар |
«Ат-Башы Тазалык» МИ |
Апрель-Май |
5 |
Көчүү, конуунун алдында ветеринардык иштерди жүргүзүү |
Жеке ветеринарлар |
«Ат-Башы Тазалык» МИ |
өз учурунда |
6 |
Мал багуучулар менен биргелешкен отурум өткөрүү |
Айыл өкмөтү |
Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылынын тургундары |
апрель |
7 |
Малдарды жайытка көчүрүү |
Жайыт адистери |
АӨ |
Апрель- Май |
8 |
Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү |
АӨ, МИ кызматкерлери |
АӨ, МИ |
Июнь-июль |
9 |
Жайыттарга малдын жайыт башкаруу планына ылайык жайгашуусуна көзөмөл кылуу |
АӨ, “Ат-Башы Тазалык” МИ |
Экотехинспекция |
Июнь-июль |
10 |
“Жайлоолорду өнүктүрүү борборун” жана “Жайлоо бала бакчасын” уюштуруу |
“Ат-Башы Тазалык” МИ |
Бала бакчалар |
Июнь-июль |
11 |
Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чараларды аткаруу |
“Ат-Башы Тазалык” МИ |
АӨ, АРИС, ПРООН, КЭМП Ала-Тоо, ЖК |
Июль-август-сентябрь |
12 |
Жайлоодон күздөөлөргө көчүп-келүүнү уюштуруу, графиктерге көзөмөл |
АӨ “Ат-Башы Тазалык” МИ |
АӨ |
октябрь |
13 |
Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган малчылардын малын тактоо |
“Ат-Башы Тазалык" МИ, жайыт адистери |
АӨ |
октябрь |
14 |
Ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын аткарылышына көзөмөл |
ЖтК |
АӨ, МДСК тобу |
дайыма |
2 Иш-аракеттердин планы
Таблица №2
Участок |
Иш-чара
|
Аткаруу мөөнөтү |
Иш-чаранын бюджети сом |
Ким жооптуу |
Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү планы |
||||
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор |
Жайыттарды абалын баалоо (мониторинг) Ортонку, ички жайыт. |
Май 2025-ж |
1500 |
Жайыт адистери |
Көк-Арт Талаа-Булак |
Жайыттардын абалын баалоо (Ак-Сай өрөөнү)
|
Июль 2025-ж |
6000 |
Жайыт адистери |
Малдын ден соолугун коргоо боюнча |
||||
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор |
Ветеринардык –профилактикалык иштерге көзөмөл кылуу. |
дайыма |
|
ветеринарлар |
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор |
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча буклет иштеп чыгуу, МДСК тобу менен биргеликте айыл тургундары менен иш алып баруу. |
Май- июнь |
1000 |
Г.Сураналиева. Мусуралиев Р (АӨ адиси) |
Ак-Сай өрөөнү Боз-Жар Кош-Караташ Уч-Омпол |
Малдарды ар кандай ылаңдардан коргоо максатта вакцинация өткөрүү, Боз-Жар участкасында малдарды купкалоо. |
Август -сентябрь |
6000 |
Айылдык ветврач Ж.Нурмамбетов А.Мураталиев. |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу планы |
||||
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттар |
Көчмө кыркын пункт ишке киргизγγ (Айыл ичиндеги малдарды жана жайлоолорду кыдырып кыркуу иштери) |
март |
А.Үтүров З.Казаков. |
|
Ак-Сай |
Демонстрациялык участокту жакшыртып иштетγγ |
Июнь-июль |
|
М.Усеков. |
Ат-Башы айыл аймагы |
Ички жайыт жолдорду ондоо (Кок-Жон жана Кара-Жон) Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоого жана Жаздоого кетүүчү жолдорду жана көпүрөлөрдү ондоо |
Июнь-июль- Август-Сентябрь. |
400 000 |
Жайыт адистери. “”Ат-Башы Тазалык” МИ |
Малды кышкы тоюттандырууну жакшыртуу планы |
||||
Ат-Башы айыл аймагы |
Которуштуруп айдоо боюнча тренинг |
Октябрь |
2 000 |
Жайыт адистери |
Ат-Башы айыл аймагы |
Үрөн чарбалык жумуштарды ишке ашыруу тоют менен камсыз кылуу. Үрөн чарбалык база түзүү. |
Жыл бою |
20 000
|
Үрөн чарбалар, МИ |