2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистеринин отчетун угуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-1
29-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы
боюнча “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистеринин отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 2024-жыл ичинде жайыттарды пайдалануу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчетту угуп жана талкуулап, бирок бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдаланылышы тууралуу толук кандуу каржылык отчет берилбегенин белгилөө менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистеринин 2024-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планынын аткарылышы тууралуу отчету угулуп, маалыматы эске алынсын;
- Муниципалдык ишкананын жетекчилигине жана жооптуу адистерге төмөнкү тапшырмалар берилсин:
а) 2024-жылга пайдаланылган каражаттар боюнча чыгашалардын негиздемеси менен коштолгон финансы отчетун даярдоо;
б) жайыт пайдалануудагы каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
в) 2025-жылга карата пландаштырылган иш-чараларга каржылык негиздеме берүү.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 29