Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2025-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-6
4-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ)
2025-жылга карата иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2025-жылга карата иш планын жана бюджетин карап чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2025-жылга карата иш планы жана бюджети депутаттар тарабынан колдоого алынбагандыктан учурдагы редакциясында бекитилбесин;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата иш планы жана бюджети кайрадан кароого жөнөтүлсүн жана 2024-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу толук жана негизделген отчет тапшыргандан кийин гана иш планын жана бюджетин бекитүү маселеси кайра кароого коюлсун.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 26