Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ №6-5

 

4-апрель 2025-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө 

                                                                                        

          Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, айыл чарба жерлерин максаттуу пайдалануу, ошондой эле жер ресурстарын туруктуу өнүктүрүү максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                      

  1.  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы 2025-2030-жылдарга чейинки мөөнөткө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
  1. Бекитилген планга ылайык айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү жана көзөмөлдөө иштери Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн;
  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

                                                                                                           

Ат-Башы айыл аймагынын                                                

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                           

 

      Каттоо № 25

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин 

кезексиз VI сессиясынын

4-апрель 2025-жылдагы

                                                                                                  №6-5 токтомуна 1-тиркеме

 

 

 

НАРЫН ОБЛУСУНУН

АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН

АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИНИН

МАМЛЕКЕТТИК ФОНДУНУН

ЖЕРЛЕРИН ПАЙДАЛАНУУНУН

КЕЛЕЧЕК ПЛАНЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ат-Башы 2025

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун

Келечек планы

МАЗМУНУ

I-БӨЛҮМ. Айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы    

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (МАФ) жерлеринин курамы
  2. МАФ жерлерин пайдалануу
  3. МАФ нун пайдаланылбай калган же жарым жартылай пайдаланылбаган жерлери
  4. МАФ калктуу пунктун кеңейтүүгө калтырылган жер участоктору
  5. МАФ нун жерлерин пайдаланууга болгон муктаждык

I I –БӨЛҮМ. МАФ нун жер-пландоо аймактары          

  1. МАФ нун экономикалык жактан кызыктырган аймагы
  2. МАФ нун жакшыртуу үчүн инвестицияны талап кылган жерлеринин аймагы
  3. МАФ талап болбогон жерлеринин аймагы

I I I-БӨЛҮМ. МАФ жерлерин ижарага берүү  

  1. Жалпы жоболор
    1. МАФ нун жер участокторун аукцион аркылуу ижарага берүү
    2. МАФ нун жер участокторун конкурс  аркылуу ижарага берүү
    3. МАФ нун жер участокторун  ижарага берүү

1.3.1. МАФ нун жерлерин социалдык багыттагы субьектилерге ижарага берүү

1.3.2. МАФ нун талап болбогон жерлерин, ошондой эле экинчи конкурс өткөн жок деп таанылгандагы жерлерди ижарага берүү

1.3.3. МАФ нун жерлерин айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жакыр үй бүлөлөргө ижарага берүү

2. Корутунду бөлүк

2.1. МАФ нун жерлерин ижаралоо келишимдерин түзүү жана келишимдерди мамлекеттик каттоо

2.2. Акча каражаттарын бөлүштүрүү

1-тиркеме. Документтердин үлгүлөрү    

2-тиркеме. МАФ нун жерлеринин таблицасы 

3-тиркеме. МАФ нун МАФ нун жерлеринин ижарачыларынын тизмеси 

 

 

 

 

 

 

 

Киришүү бөлүгү

Ат-Башы айыл аймагы 3 айылдан турат. Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды. Нарын облусунун Ат-Башы районунун  курамына кирип, аянты 3803,05 чарчы км түзөт.  Облустун борбору – Нарын шаарынан 45км аралыкта, жакынкы темир жолдон 280 км, деңиз деңгээлинен 2045 метр бийиктикте жайгашкан.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн климаты кескин континенталдуу зонада жайгашкан. Январдыгы орточо температура -22 градус, ал эми айрым учурларда -35 градуска жетет. Кыштын узактыгы 150-160 күнгө созулат. Жылдын жылуу мезгили июль айы, орточо температурасы +23 градуска жетет. Жаз мезгили кыска жана кеч келет. Жазында жылдык жаан чачындардын саны 22 – 24% түзөт. Күз мезгили кургак жана салкын. Вегетациялык мезгилдин узактыгы 165 – 175 күн. Кыш мезгили узак жана батыш тараптан муздак шамал согуп турат. Жылдык жаан чачындардын саны 100-125мм түзөт. Дыйканчылык зонада талаачылык иштери татаал климаттык шарттарга байланыштуу чектелүү.

Аймактын рельефи тоолуу келет. Негизги тоо кыркалары чыгыштан батышка чейин созулган, тоонун абсолюттук бийиктиги деңиз деңгээлинен 4000-4700 метрди түзөт. Дыйканчылык зонасынын рельефи салыштырмалуу тегиз, 5 -10градустан 40 – 50градуска чейинки тоонун жантаймалары жайыт катары колдонулат.

Жер кыртышынын катмарында көбүнчө ачык күрөң, коңур, күнүрт-конур топурактар кездешет. Ачык көңур түстөгү топурак адырларда, ачык кара-күрөн түстөгү топурак көбүнчө дан берүүчү жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн колдонулат.

Табигий өсүмдүктөрдүн абалы жана курамы климаттык факторлордун ар түрдүүлүгүнөн, рельефтин жана топурак кыртышынын шарттарына жараша болот. Айдоо жерлерде талаа чырмоогу, аткулак, кара сулу, кекире, сүттикен жана башка өсүмдүктөр кездешет. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак жана башка бадал өсүмдүктөрү, тектирлерге бетеге, шыбак, адырларда чекенде өсүмдүкөрү өсөт.

Айыл өкмөтүнүн калкынын саны 1-январь 2024-жылга карата 25527 адамды же 4043 кожолукту түзөт.

Эң көп өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү- көп жылдык чөптөр, картошка, ошондой эле дан өсүмдүктөрү,  анын ичинен арпа басымдуу бөлүгүн түзөт.

 

I-БӨЛҮМ. Айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы        

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” № 85  ЖАРЛЫГЫ менен Ат-Башы айыл аймагында жалпы - 283322 га жер бар, анын ичинде суу баскан аянт – 5401 га, кайрак – 656 га.

  1. Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамы

 МАФнун жерлеринин жалпы аянты – 523,57 га, анын ичинен сугат айдоо – 368,43 га, кайрак -145 га, чөп  чабык – 10,29 га.

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу

2024-жылга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен Ат-Башы айылынан 46,5га, Ача-Кайынды айылынан  22,6 га жер аукцион аркылуу берилди. Ат-Башы айылындагы №148 контурдагы жер электр насосу менен сугарылат. Айылдан алыс жайгашкандыктан суроо-талап орто деп эсептелет. Жер кыртышы жакшы, бирок суунун жетишпестиги түшүмдүүлүктү төмөндөтүүдө.

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун пайдаланылбаган же жарым жартылай пайдаланылбаган жерлери

2024-жылдын 1-январына карата АКФнын 191,3 га жери пайдаланылбай турат. Анын ичинен 43,65 га (Ак-Жар №2246 контурунан 17,35га.  ) сугат жер, 145,65га  кайрак жер. Ат-Башы айылынын “ Насос” участогу насос менен сугарылат. Айылдан алыс жайгашкандыгына байланыштуу АКФнын жерлерин пайдаланылбай калуусуна себеп болууда. Ача-Кайынды айылынын “Орто-Кайынды” участкасы суунун жетишсиздигинен жерге болгон талап аз. “Элик” участкасына 28,3 га суу келбегендиктен иштетилбейт. Ал жер айылды кеңейтүүгө деп дагы каралган.

  1. Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга болгон талап

Ат-Башы айыл аймагында  МАФнун жерлеринен айрыкча экономикалык жактан кызыктырган аймактардан жер алганга суроо-талап бар. Бирок суу маселеси абдан орчундуу. Асыл-тукум, үрөнчүлүк кооператив чарбаларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабры № 309 токтомунун негизинде  Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилүүдө.

 

II- БӨЛҮМ. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер-пландоо аймактары

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин экономикалык жактан кызыктырган аймагы

Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынын МАФнун жерлери шарттуу сугат болуп эсептелгендиктен кийин, суу маселеси абдан татаал болгондугуна, жерлери алыс жайгашкандыгына байланыштуу экономикалык жактан кызыктырган жерлер жок. Ак-Жар айылына карштуу МАФнун жерлерине суроо-талаптар бар. Сугат суу маселеси чечилген. Ача-Кайынды айылына караштуу МАФнун жерлери мөңгүдөн түшкөн суу менен жана Баш-Кайынды айыл аймагынан келген канал менен сугат суу маселеси чечилет. Суроо-талап орто.

  1. Жакшыртуу үчүн инвестицияны талап кылган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин аймагы

 

2025-жылдын 1-январына карата инвестицияны талап кылган жерлерден 218,2га жер 5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. Ат-Башы айылына караштуу “Сары-Гоо” участкасында № 203 контурда 117.2га. Ача-Кайынды айылына карштуу “Орто-Кайынды” участкасында №172 контурда 43,2га, № 186 контурда 57,8га. Ак-Жар айылынан Ак- Көпүрө участогунан № 2155 контурунан кайрак 73,1га, № 2186 контурунан кайрак 71.9 га.

  • 2024-жылы 32 га жердин мөөнөтү аяктайт.
  • 2025-жылы 34,27га жердин мөөнөтү аяктайт.
  • 2026-жылы  64 га жердин мөөнөтү аяктайт.,,,
  • 2027-жылы  0 га жердин мөөнөтү аяктайт.
  • 2028-жылы 109,6 га жердин мөөнөтү аяктайт.

Бул аймак боюнча пландаштырылган иш чаралар:

2024-жылы Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынан 46,5га,  га жер, Ача-Кайынды айылынан 22,6 га га жер аянты  5 жылдык мөөнөт менен ижарага берилди.

2025-жылы

  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынан №251 –контурунан 2.27га чөп чабынды №148- контурдан 19 га, №203-контурунан 6 га жер аукционго коюлат.
  2. Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайынды айылынан №201-контурдан 7га жер аукционго коюлат.
  3. Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар айылынан № 2155 контурунан кайрак 73,1га, № 2186 контурунан кайрак 71.9 га. коюлат.

2026-жылы

  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынан №203-контурдан 6га  жер аукционго коюлат.
  2. Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар айылынан №1958-контурдан 49,0га, №2315-контурунан 3,0 га жер аукционго коюлат.
  3. Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайынды айылынан № 200-контурунан 6га коюлат.

2027-жылы

  1. МАФ нун жерлери мөөнөтүнөн мурда бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ал жерлерге ижара укугун берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.

2028-жылы

  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынан №148- контурдан 25 га №203-контурунан 3га жер аукционго коюлат.
  2. Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар айылынан №1958-контурдан 51,4га  №2253-контурунан 5га жер аукционго коюлат.
  3. Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайынды айылынан 25,2 га жер аукционго коюлат.

2029-жылы

  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы айылынан №148- контурдан 46,5 га №203-контурунан 3га жер аукционго коюлат.
  1. Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жар айылынан МАФ нун жерлери мөөнөтүнөн мурда бошоп калса же жерден баш тарткандар болсо, ал жерлерге ижара укугун берүү боюнча аукцион өткөрүлөт.
  2. Ат-Башы айыл аймагынын Ача-Кайынды айылынан № 733-контурунан 22,6 га жер аукционго коюлат.

 

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун талап болбогон жерлеринин аймагы

2024-жылдын 1-январына карата талап болбогон МАФнун жерлери бар. Ат-Башы айылынын № 203 контурунан 21 га шарттуу сугат жер. Ак-Жар айылынын № 2155 контурунан кайрак 73,1га, № 2186 контурунан кайрак 71.9 га.

 

Аталган жерлер көп жылдардан бери суроо талап жоктугуна байланыштуу иштетилбей келген, бул жерлерди иштетиш үчүн чон суммадагы инвестициялар керек. Ал инвестициялар акталбайт. Жогоруда көрсөтүлгөн жер участокторун трансформацияга берип жайытка айлантуу керек же болбосо күчтүү суу насос орнотуу зарыл.

            Бул жерлер боюнча 2025-жылы өтө турчу жер фондусун инвентаризациялоо жумуштары аяктагандан кийин бир тыянакка келебиз.

 

III- БӨЛҮМ. МАКФнын жерлерин ижарага берүү

 

  1. Жалпы жоболор
  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
  2. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
  3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында          айыл өкмөтү 7 кишиден кем эмес Жер комиссиясын түзөт, анын курамына 3 кишиден кем эмес жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (мындан ары - РАӨБ) өкүлү кирет:

- Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет;

Жер комиссиянын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалат.

  1. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу максатында айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ болгон экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине берилүүчү айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин кошпогондо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Калктын социалдык жактан аярлуу категорияларына айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын карамагындагы жерлердин аянтынан берилет.
  2. Жер комиссиясы:

- лотторду түзөт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;

- конкурстун шарттарын аныктайт;

- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;

- лоттордун чек араларын аныктайт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;

- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;

- жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;

- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;

- ушул Келечек планда  белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

6.  Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга             талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:

- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;

- аукциончу.

 

 Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор

7.  Тоорукка катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар №1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада арыз жана төмөнкү документтерди беришет:

- аукционго, конкурска катышууга арыз;

- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;

- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.

Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.

Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.

Тооруктарга катышуу жөнүндө арыз талапкер (арыз берүүчү) тарабынан же ыйгарым        укуктуу өкүлү аркылуу берилет.

  1.  Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, 7-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт. Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.
  2. Катчы (аукциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (№ 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү. Тоорукка катышуудан баш тартууну кабыл алуу жана каттоо ушул пунктта белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Катчы ушул  7-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтерди кабыл алат жана аларды Жер комиссиясынын кароосуна киргизет.
  3. Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (№ 3 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле ушул бөлүмдүн 11-пунктуна ылайык тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
  4. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
  • арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
  • арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
  • тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
  • Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.                                    

 

  1. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.
  2. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
  3. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
  4. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
  • жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
  • жеңүүчү айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
  1. Калган учурларда кепилдик төлөм:
  • тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;
  • тоорук бүткөн убактан тартып;
  • тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
  1. Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.

 

  1. МАФнун жер участокторун ижарага аукцион аркылуу берүү

 

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
  2. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
  3. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
  • лоттун номери;
  • жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
  • - участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;
  • - ижара акысы;
  • - баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
  • - аукциондун "арымы";
  • - ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү;
  • - сервитуттардын болушу же жоктугу.
  1. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
  • лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
  • аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
  • - ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
  • - кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;

 

  • - ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
  • - ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";
  • - арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
  • - аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
  • - аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.
  • Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
  1. Аукциондун "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
  2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
  3. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
  4. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.                                                             Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
  5. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
  6. Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. (№ 4 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат. Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
  7. Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
  8. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 5 тиркеме) түзүлөт.
  9. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
  1. бир катышуучу катышса;
  2. Келечек пландын 28-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
  3. баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
  1. Белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат. Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 15 проценттен кеп эмес. Эгер экинчи тоорук ушул 30-пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
  2. Аукционго катышканга талапкерлер жок болуп экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.

 

  1. МАКФнын жер участокторун ижарага конкурс аркылуу берүү

 

  1. МАКФнын жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер пландоо аймактарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн инвестицияларды  талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле III-бөлүмдүн 34-пункутуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.
  2. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
  • лоттун номери;
  • - жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
  • - участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы, анын ичинде аштык буудай данын өстүрүү үчүн, гектар менен;
  • - конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
  • - ижара мөөнөтү;
  • - сервитуттун болушу же жоктугу;
  • - арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
  • - конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
  • - конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт.

Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.

  1. Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
  • конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
  • конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат). Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
  1. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:

- бир катышуучу катышса;

- III-бөлүмдүн 30-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.

36.  Белгилүү бир лот боюнча конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, ошол лот боюнча   экинчи конкурс дайындалат.

Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.

  1. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
  2. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
  3. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
  4. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
  5. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат.

Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.

Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

  1. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
  2. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
  3.  Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (№ 6 тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:

- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;

- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;

- конкурстун жеңүүчүсү.

44. Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (№ 5 тиркеме) түзүлөт. III бөлүмдүн 29-пунктунда белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.

45. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.

46. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.

 

  1. МАКФнын жер участокторун ижарага түз берүү

 

47. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар;

- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин, ошондой эле ушул Типтүү жобонун 59-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;

- үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар, сорт сыноо станциялары жана участоктору, айыл чарба кооперативдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;

- социалдык багыттагы субъекттер.

Эгер жергиликтүү кеңештер тарабынан башкасы каралбаса, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүү түз сүйлөшүүлөр жолу менен жүргүзүлөт.

 

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага берүү

 

48. МАКФнын жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге жана жакыр үй-бүлөлөргө, жарандарга ижарага берүү Келечек планга ылайык экономикалык жактан кызыктыруучу жерлердин аймагынан жүргүзүлөт. Мында берилүүчү жерлердин жалпы аянты МАКФдагы бардык жерлердин 20 пайызынан ашпашы керек.

 

49.  Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.

50. Жер комиссиясы арыздарды жана тиешелүү документтерди карайт, андан кийин Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.

51. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ал эми ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.

 

  1. МАКФнын бош калган жерлерин, ошондой эле экинчи жолу конкурс болгон жок деп таанылганда жерлерди ижарага берүү

 

52.     Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү   Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо аймактарынан, ошондой эле  III бөлүмдүн 36-пунктунда каралган жерлерден жүргүзүлөт.

53. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.

54. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.

 

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү

 

55. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга, илим-изилдөө мекемелерине, сорт сыноо станцияларына жана участкаларына ижарага берүү Келечек планына ылайык тиешелүү жер пландоо зоналарынан жүргүзүлөт.

56. Бир айылдык аймактын чегиндеги Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун берилүүчү жер участкалары мамлекеттик Келечек планында каралууга тийиш.

 

  1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага берүү

 

57. Жер участогун ижарга алууга талапкер болгон аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандар айыл өкмөткө жакыр үй-бүлөнүн статусун тастыктоочу документинин көчүрмөсүн тиркөө менен арыз берет.

58. Жер комиссиясы арызды жана тиешелүү документтерди карайт. Андан кийин МАКФнын жерлери ижарага берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын тизмеси түзүлөт. Биринчи кезекте ушул айыл өкмөттүн аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга берилет.

 

  1. Корутунду бөлүк  

 

  1. МАКФнын жерлерин ижаралоо келишимдерин түзүү жана аны мамлекеттик каттоо

 

59. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.

60. Ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

61. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.

62. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.

63. Ижара акысы бир жолу же мезгил-мезгили менен төгүлүүчү төлөмдөрдүн так аныкталган суммасы түрүндө төлөнүшү керек.

64. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;

- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;

- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;

- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;

65. Ижарага алынган жер участогу башка жактарга субижарага берилиши мумкүн эмес.

66.  Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.

 

  1. Акча каражаттарын бөлүштүрүү

67. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн ижара акылардан чогултулган суммадан аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды аткаруу үчүн багытталуучу каражаттын өлчөмү айылдык кеңештер тарабынан аныкталат.

 

 

                                                                                                                                  

№ 1 тиркеме

 

 

 

А/ө башчысы ______________________________________ (ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)
_____________________________________

(паспорт боюнча маалыматтар серия, ______________________________________
номери, качан, ким тарабынан берилген) ______________________________________
(юридикалык жактын аталышы, ______________________________________
юридикалык дареги)

АРЫЗ

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун N __________ лот боюнча жер участкасына ижара укугун сатуу боюнча тоорукка (аукцион/конкурс) катышууга уруксат берүүңүздү суранам.

Тиркелүүчү документтердин тизмеси:

1) ____________________________________________

2) ____________________________________________

3) ____________________________________________

4) ____________________________________________

Арыз ээсинин колу ________________________________________________

__________________________________________________________________

                                           (фамилиясы, аты-жөнү)

________ жылдын "______" ______________________

Арыз берген күнү жана каттоо номери ______ жылдын "_____" ________ _____________________

__________________________________________________ (арызды кабыл алган адамдын кызмат орду)

                                   (арызды кабыл

_______________________________________________________________________

                             алган адамдын кызматы, фамилиясы, аты-жөнү, колу,)

 

Эскертүү. Жер участогун жалпы биргелешкен пайдаланууга алган учурда арызга жер участогунун өлчөмдөрү аныкталуу менен ижарачылардын тизмеси тиркелет.

 

 

 

 

 

 

 

№ 2 тиркеме

БИЛДИРҮҮ
(документтерди каттоо жана кабыл алуу жөнүндө)

__________ жылдын "________" _______________ _____________________

     (жылы)                             (күнү)              (айы)                                      айыл өкмөтү

Каттоо номери _______________

1.

_______________________________________________________________________

                   (талапкердин, жеке жактын фамилиясы, аты-жөнү, паспорт N

_______________________________________________________________________

                                   юридикалык жактын аталышы)

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун лот _______________,

аянты _________ га болгон жер участкасын ижарага алуу үчүн тоорукка (аукцион, конкурс) катышууга арыз кабыл алынды. Жер участкасынын орун алган жери

_______________________________________________________________________

                                      (орун алган жеринин жазылышы)

2. Тоорук (аукцион, конкурс) 200 ____ ж. "_____"__________________ N _________ кабинетте _____________________________________ имаратында

                  (жайгашкан жери толук жазылат)

дареги боюнча өткөрүлөт.

3. Арыз менен бирге ошондой эле төмөнкү документтер кабыл алынды:

_______________________________________________________________________

_______________________________________________________________________

Талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамдын фамилиясы, аты-жөнү, ээлеген кызматы жана колу

__________________ колу

 

 

 

 

№ 3 тиркеме

 

ПРОТОКОЛ N
__________ ______ жылдын "_______" ________________ (күнү) (айы)

арыз ээлерин (талапкерлерди) Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча ______________________

тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага   __________________________________________________________________

Катчы__________________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү__________________________________________________________________

Арыздардын саны ___________, анын ичинде

аукционго _________________,

конкурска _________________.

Тоорукка катышууга жол берилген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):

1. _______________________________________________________________

2. _______________________________________________________________

3. _______________________________________________________________

Тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлери (талапкерлер) (Ф.А.Ж):

1. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

2. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

3. _______________________________________________________________

___________________________ (жол бербөөнүн себебин көрсөтүү менен)

Жер комиссиясынын төрагасы _______________________________________

 

 

 

 

 

 

 

№ 4 тиркеме

ПРОТОКОЛ №
___ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы)

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Аукционду уюштуруучу: ____________________________________________

Аукционду алып баруучу: __________________________________________

Жеңүүчү: _________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________

Бул лот боюнча аукционго катышкандардын саны: ____________________

Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,

анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,

чабындылар __________ га.

Ижара мөөнөтү ____________________________________________________

                                                    (сан жана жазуу түрүндө)

Баштапкы ижара акысы _____________________________________________

                                                   (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысынын акыркы өлчөмү _____________________________________

                                                         (сан жана жазуу түрүндө)

Тоорукту уюштуруучу _____________________

                                                   (Ф.А.Ж.) (колу)

Аукционду алып баруучу __________________

                                                    (Ф.А.Ж.) (колу)

Аукциондун жеңүүчүсү ____________________

                                                        (Ф.А.Ж.) (колу)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 6 тиркеме

ПРОТОКОЛ N
_________ ______ жылдын "_______" ________________ жылы (күнү) (айы)

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Комиссиянын курамы:

Төрага ___________________________________________________________

Катчы ____________________________________________________________

Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________

Жеңүүчү: _________________________________________________________

Экинчи жеңүүчү: __________________________________________________

Лоттун номери ______, аянты ______ га, анын ичинде айдоо _____ га,

анын ичинде сугат айдоо _____ га, көп жылдык өсүмдүктөр ______ га,

чабындылар __________ га.

Бул лот боюнча берилген сунуштардын саны:

Катышуучу

Сунуш

Конкурстун жеңүүчүсү

 

Экинчи жеңүүчү

 

Ж.у.с.

 

Ижара мөөнөтү ____________________________________________________

                                             (сан жана жазуу түрүндө)

Баштапкы ижара акысы _____________________________________________

                                                (сан жана жазуу түрүндө)

Ижара акысынын түрү жана мөөнөтү__________________________________

                                                         (сан жана жазуу түрүндө)

Конкурстук комиссиянын төрагасы __________________

                                                                 (Ф.А.Ж.) (колу)

Конкурстук комиссиянын катчысы __________________

                                                               (Ф.А.Ж.) (колу)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 5 тиркеме

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоонун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

_____ жылдын "_______" ____________ _________________айылы (шаары)

                                        (датасы)

Биз, _____________________________________________________________

                                          (башчынын аты-жөнү

_______________________________________________________________________

                               айылдык, поселоктук кеңештин аталышы)

мындан ары бир тараптан - "Ижарага берүүчү" деп аталуучу жана экинчи тараптан

_______________________________________________________________________

_______________________________________________________________________

   (жер участогун ижарага алуучунун аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы)

мындан ары "Ижарачы" деп аталгандар төмөндөгүлөр жөнүндө Келишим түздүк:

1. Келишим заты

1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга тиркелген жер экспликациясына ылайык ушул келишимге тиркелген пландын (картанын) 1: ______ масштабындагы чектерде көрсөтүлгөн га жерди, анын ичинде тиркелген жердин баяндамасына ылайык жердин түрлөрү боюнча ижарага ___________ жылдык мөөнөт менен _______ жылга чейин берет.

2. Ижара акысы

2.1. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттөрдө) Ижарага берүүчүгө сом өлчөмүндө ижара акысын графикке ылайык төлөп турууга милдеттенет.

2.2. Ижара акыны төлөө боюнча милдеттенме бузулганда Ижарачы төлөмдүн кечиктирилген ар бир күнү үчүн өз убагында төлөнгөн сумманын 0,5 процент өлчөмүндө айып төлөйт.

2.3. Ижара акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда, бирок жылына бирден көп эмес жолу өзгөртүлөт.

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери

3.1. Ижарачы төмөндөгүлөргө укуктуу:

- ижарага алган жер участкасында өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

- ижарага алынган жер участкасынын асылдуулугун жана абалын жакшыртуу боюнча мелиоративдик жана башка иштерди өз каражатынын эсебинен жүргүзүүгө;

- мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн ижарага алынган жерлерди алып койгон учурда кыртыштардын асылдуулугун жогорулатууга жумшаган жана кеткен чыгымдарга, алалбай калган пайданы да кошуп компенсация алууга;

- ижарага алынган жер участкасында жайгашкан жалпыга таралган пайдалуу кендерди чарбанын керектөөлөрү үчүн белгиленген тартипте пайдаланууга;

- ижарага алынган жер участкасында белгиленген тартипте сугат, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиоративдик иштерди жүргүзүүгө;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участкасын ижаралоо укугун салым катары киргизүүгө.

3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ижарага алган жер участкасын белгиленген максатка ылайык натыйжалуу пайдаланууга;

- ижараланган жер участкасында жана ага жакын жайланышкан аянттарда өзүнүн чарбачылыгынын натыйжасында экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;

- ижарага алынган жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана өндүрүштүн жаратылышты коргоо технологияларын сактоо, кыртышты эрозиядан, шор басуудан, суу алдында калышынан, сазга айланып кетүүсүнөн, булгануусунан жана башкалардан коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырууга;

- башка жер пайдалануучулардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартиптерин бузбоого;

- өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлап кетишине байланыштуу чыгымдарды, алалбай калган пайданы толук көлөмүндө Ижарага берүүчүгө жана жерди аралаш пайдалануучуларга төлөп берүүгө;

- Ижарага берүүчү жерди пайдалануу жана коргоо боюнча мамлекеттик контролдоо органдарына участкага эркин киришин камсыз кылууга;

- жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө;

- келишим аяктагандан кийин жер участкасын келишим кучүнө кирген мезгилде кандай болсо, ошондой абалда Ижарага берүүчүгө өткөрүп берүүгө.

4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жерди пайдалануу жана коргоо боюнча Ижарачынын иштерине контроль жүргүзүүгө;

- жер участкасында курулган мелиоративдик, рекультивациялык, жакшыртылган жерлерди, коргоочу токой өсүмдүктөрүн отургузуу, эрозияга каршы жана башка объекттердин ишке киришин кабыл алууга катышууга;

- Ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жерлердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуртууга;

- колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда Ижарачынын макулдугу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;

- ушул келишимдин шарттарын жана жер, жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузууга алып келген Ижарачынын иштерин токтотууга.

4.2. Ижарага берүүчү темөнкүлөргө милдеттүү:

- келишим катталган мезгилден тартып __________ мөөнөттүн ичинде келишимдин шарттарына жана милдеттерине ылайык келгендей абалда жер участкасын Ижарачыга өткөрүп берүүгө;

- Ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө керектүү шарттарды түзүп берүүгө жана жер участогун натыйжалуу пайдаланышына жолтоо болбоого;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалына контроль жүргүзүүгө;

- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө;

- эгерде Ижарачы каза болуп калса, ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин анын бир мураскору менен берген арызы боюнча ижара келишимин кайра түзүүгө;

- Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин абалын жакшыртууга жана жерлерди өздөштүрүүгө кеткен Ижарачынын чыгымдарын толук же жарым-жартылай ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин төлөп берүүгө.

5. Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун тартиби

5.1. Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:

а) жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;

б) жер участкасын максатына ылайык пайдаланбоо;

в) жер участкасын кыртыштын асылдуулук катмарынын бузулушуна, экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келген жолдор менен пайдалануу;

г) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;

д) кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;

е) ижарачы тарабынан келишимдин шарттарын аткарбоосу;

ж) конкурстун шарттарына ылайык жер участкасын жакшыртуу боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;

з) тараптардын ижара акынын өлчөмүн индексациялоо боюнча макулдашууга жетишпөөсү.

и) аштык буудай данын өстүрүү үчүн жерлердин 1/3 бөлүгүн пайдалануу боюнча милдеттерди ижарачы тарабынан аткарбоосу.

Эки тараптын айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин же бүткөндөн кийинки жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча же соттук тартипте ушул келишим өзгөртүлүшү же мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

Фонддун жерлерин ижаралоо келишимин бузуу айыл чарба талаачылык жумуштары башталганга чейин, түшүмдү жыйнагандан кийин жүргүзүлөт.

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги

Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

7. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби

7.1. Ушул келишим боюнча мүмкүн болуучу бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракет кылышат.

7.2. Эгерде макулдашууларга жетишилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

7.3. Башка шарттар

7.4. Келишим юридикалык бирдей күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда калат, үчүнчүсү кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү органына берилет.

 

 

 

7.5. Тараптардын юридикалык даректери жана банк реквизиттери:

 

Ижарага берүүчү

 

Ижарачы

___________________________

 

___________________________

___________________________

 

___________________________

___________________________

 

___________________________

 

Колдору:

Ижарага берүүчү

 

Ижарачы

___________________________
(колу)

 

___________________________
(колу)

М.О.

 

Келишим ______________ районунда 20  -жылдын "________" __________ катталды.

Каттоо номери ___________

М.О.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ижарага берилген жерлердин
ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ

__________________________________________________________________

                     (аталышы же ижарачынын фамилиясы, аты-жөнү)

 

Жалпы аянты, га

Анын ичинде

Бардык айдоо аянт

анын ичинде

көп жылдык

чабындылар

 

сугат

кайрак

өсүмдүктөр

 

 

 

 

 

 

 

__________________________________________________________________

__________________________________________________________________

М.О.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын  айыл чарба  жерлеринин  мамлекеттик фондусунун жерлеринин 2025-жылдын 1-январына карата таблицасы

 

Контур №

МАКФнын жер аянтары (га)

Эскертүү

Жалпы аянты,га

Сугат

Кайрак

Чөп чабынды

  1. Ат-Башы айылы

1

148

93,54

93,54

 

 

 

2

203

46,83

46,83

 

 

 

3

251

2,27

 

 

2,27

 

4

42

0,77

 

 

0,77

 

Баары:

143,41

140,37

 

3,04

 

  1. Ача-Кайынды

1

172

15,5

15,5

 

 

 

2

186

14,93

14,93

 

 

 

3

201

9,4

9,4

 

 

 

4

371

4,90

4,90

 

 

 

5

733

10

10

 

 

 

6

436

3,4

 

 

3,4

 

7

63

28,3

28,3

 

 

Айылды кеңейтүү

Баары:

86,43

83,03

 

3,4

 

  1. Ак-Жар

1

1958

100,73

100,73

 

 

 

2

2253

4,98

4,98

 

 

 

3

2246

17,35

17,35

 

 

 

4

2155

73,75

 

73,75

 

 

5

2186

71,9

 

71,9

 

 

6

2310

3,85

 

 

3,85

 

7

2220

17,94

17,94

 

 

 

Баары:

290,5

141

145,65

3,85

 

Жалпы аянт,га

520,34

364,4

145,65

10,29

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                                                     

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет