Ат-Башы айыл аймагындагы ээси жок ирригациялык системаларды жана каналдарды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын

 

ТОКТОМУ №6-4

 

4-апрель 2025-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы 

                       

Ат-Башы айыл аймагындагы ээси жок ирригациялык системаларды

жана каналдарды Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгына

өткөрүп берүүгө макулдук берүү  жөнүндө

                                                                                         

             Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомунун негизинде сугат системаларын эффективдүү пайдалануу жана тейлөөнү , ошондой эле жер ээлеринин укуктарын коргоо максатында, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                      

  1. Ат-Башы айыл аймагындагы жалпы узундугу 70,282 км болгон төмөндөгү кароосуз калган же ээси жок ички чарбалык ирригациялык системалар жана каналдар Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын башкаруусуна өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
  1. Ат-Башы айылынын Сары-Гоо участкасынан Насостук станциядан берилүүчү суу каналы узундугу 1,415 км;
  2. Ат-Башы айылынын “Чон” каналынан  Ак-Өргөө конушуна берилүүчү суу каналы  узундугу 1,34 км, мунун ичинен 100 даана (ЛР-60)  лоток жана 1 көпүрө;
  3. Ак-Жар айылынын “Баш-Тогон” каналы узундугу 2,220 км жана 5 суу бөлүштүрүүчү курулма (сооружение);
  4. Ак-Жар айылынын Чылабай-Тогон каналы узундугу 9,04 км жана 13 суу бөлүштүрүүчү курулма (сооружение);
  5. Чылабай-Тогон суу бөлүштүрүүчү курулмасынан баштап Кайырма-2 каналы узундугу 6,750 км жана 3 суу бөлүштүрүүчү курулма (сооружение);
  6. Ак-Жар айылынын Тогуз-Булак каналы узундугу 2,562 км жана 1 көпүрө;
  7. Ача-Кайынды айылынын Алдаяр-Арык каналы узундугу 4,536 км жана 2 суу бөлүштүрүүчү курулма;
  8. Ача-Кайынды айылынын Кайырма каналы узундугу 3,950 км;
  9. Орто-Арык каналы узундугу 2,190 км;
  10. Исабек каналы узундугу 5,450 км;
  11. Исабек-2 каналы узундугу 1,110 км;
  12. Таш-Жолдун астына кетүүчү канал узундугу 2,200 км;
  13. Таш-Арык каналы узундугу 4,220 км;
  14. Кара-Жон каналы узундугу 2,550 км;
  15. Башкы-Арык узундугу 2 км;
  16. Орто-Арык узундугу 1,925 км жана 2 суу бөлүштүрүүчү курулма, 15 көпүрө;
  17. Орто-Кайыңды-Ноо-Арык узундугу 5 км;
  18. Аң-Арык узундугу 3,170 км;
  19. Баш-Кайыңды айылынан келүүчү канал узундугу 2,550 км жана 2 көпүрө.

 

  1. Каналдардын жана арыктардын жээгинде жайгашкан үлүш жерлерине берилүүчү канал-арык зоналарына тиешелүү жер тилкелери (үлүш жерлер) киргизилбесин;
  1. Жогоруда аталган ирригациялык объекттерди өткөрүп берүүгө байланышкан бардык иштер тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Бул токтомду аткаруу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге  милдеттендирилсин.
  1. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                           

 

 

    Каттоо № 24

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет