Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-3
4-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде коомдук транспорт системасын жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин;
- Муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тиешелүү укуктук жана уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын;
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 23