Ат-Башы айыл аймагындагы электр чордондорун (трансформаторлорун) Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-2
4-апрель 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагындагы электр чордондорун (трансформаторлорун) Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык менчик объектилерин башкарууну жакшыртуу жана электр камсыздоону натыйжалуу жүргзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан төмөндөгү айыл өкмөтү тарабынан орнотулган электр чордондорун (трансформаторлорун) Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансынан чыгарып, Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
- ТП 037 “Насос” 40 кВА Ат-Башы айылында Водозабордо жайгашкан;
- ТП 246 “Кубан” 250 кВА “Ак-Өргөө конушунда жайгашкан;
- ТП 232 “Жаны конуш” 160 кВА “Улан-1” жаңы конушунда жайгашкан.
- ТП 266 “Улан-2” 160 кВА “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан;
- ТП 240 “Жолдошбек” 250 кВА “Ача-Кайынды айылында жайгашкан;
- ТП 207 “Тогуз-Булак” Ак-Жар айылында жайгашкан;
- ТП “Уй өлөт” Ак-Жар айылында жайгашкан.
- Бул мүлктөрдү өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди жана уюштуруу иштерин жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 22