Депутаттык комиссиянын аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-11
Ат-Башы айылы 9-февраль 2018-жыл
Депутаттык комиссиянын аткарган иштери боюнча
маалыматы жөнүндө
Депутаттык комиссиянын аткарган иштери боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар иштерин көзөмөлдөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Т. Сыдыковдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар иштерин көзөмөлдөө максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын берген маалыматы эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 11