Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы “Босого” көпүрөсүнө Буланов Барктабас атанын ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясынын

 

ТОКТОМУ №5-12

31-январь 2025-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы

 

Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы “Босого” көпүрөсүнө Буланов Барктабас атанын ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө

                                                                                          

Ат-Башы районундагы Аксакалдар кенешинин райондун жол тармагында 40 жылдан ашык эмгектенген, анын ичинен №20 Жол тейлөө ишканасында 12 жылдан ашык жетекчилик кызматты аркалаган Буланов Барктабас атабыздын ысымын Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы “Босого” көпүрөсүнө ыйгарууга колдоо көрсөтүүнү сурап жазган өтүнүч кайрылуусун карап жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин 2024-жылдын 25-ноябрындагы №С-475 сандуу катына ылайык жогоруда аталган көпүрөгө Буланов Барктабастын ысымын ыйгарылуусуна каршы эместигин  жана бул адамдын жол тармагындагы үзүрлүү эмгегин эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:               

  1. Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы “Босого” көпүрөсүнө 40 жылдан ашык эмгектенген, анын ичинен №20 Жол тейлөө ишканасында 12 жылдан ашык жетекчилик кызматты аркалаган Буланов Барктабастын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин;

                  

 

                           

Ат-Башы айыл аймагынын                                                

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу                                                                                                                           

 

      Каттоо № 19

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет