Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражаттарын пайдалануу боюнча 2024-жылдын 23-октябрындагы №429-б буйругун жана 2024-жылдын 13-ноябрындагы №453-б буйругун бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясынын

 

ТОКТОМУ №5-6

 

31-январь 2025-жыл                                                                                     Ат-Башы айылы

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражаттарын пайдалануу боюнча 2024-жылдын 23-октябрындагы №429-б буйругун жана 2024-жылдын 13-ноябрындагы №453-б буйругун бекитүү жөнүндө

                                                                                         

          Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чыгарылган Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн акча каражаттарын пайдалануу боюнча чечимдерин жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү максатында  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                       

  1.  Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-ноябрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине жер салыгы боюнча жоготуулар үчүн максаттуу трансферт катары келип түшкөн 316 300 (үч жүз он алты мин үч жүз) сом акча каражатын пайдалануу жөнүндөгү”  №453-б буйругу бекитилип, төмөндөгү масксаттарга пайдаланылгандыгы белгиленсин:
  1. Ача-Кайынды айылындагы социалдык мекемелердин таза сууга болгон төлөмү үчүн – 58 000 сом;
  2. Ар кандай архитектуралык сметаларды, проектилерди жасатуу кызматтары үчүн – 258 300 сом.   
  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы №585-т тескемесинин негизинде республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн 5 900 000 (беш миллион тогуз жүз миң) сом акча каражатын пайдалануу жөнүндөгү” №429-б буйругу бекитилип, төмөндөгү масксаттарга пайдаланылгандыгы белгиленсин:
  1. Келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысы жана социалдык төлөмдөрү үчүн – 906 300 сом;
  2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү борбордук аянтка курулган парктын карызы үчүн – 4 003 772 сом;
  3. Ат-Башы айылына жол чырактарын орнотуу үчүн 443 600 сом;
  4. Жаны жылдык балаты алуу үчүн 546 328 сом.  

                                                                                    

Ат-Башы айыл аймагынын                                                

айылдык кеңешинин төрагасы                                                                     У. Мелис уулу

                                                                                                                                   

      Каттоо № 13

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
583
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет