Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-10
Ат-Башы айылы 9-февраль 2018-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин 2018-жылдын 8-февралындагы чыгыш №14 сандуу катта көрсөтүлгөн Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагындагы кичи футбол аянтчасын облустук спорт комитетинин балансына өткөрүп берүү боюнча маселени кароо кийинки сессияга калтырылсын;
- Жогорудагы маселенин юридикалык жагын карап, мыйзамдуулугун аныктоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 10