Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы бала бакчаларга 2 300 000 сомго кошумча план берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-5
31-январь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы бала бакчаларга
2 300 000 сомго кошумча план берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы бала бакчаларга 2 300 000 сомго кошумча план берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровдун сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү 5 бала бакчага 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сомго кошумча план берүү жагы суралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 12