“Ат-Башы тазалык” МИнын киреше жана чыгашаларынын бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-4
31-январь 2025-жыл Ат-Башы айылы
“Ат-Башы тазалык” МИнын киреше жана чыгашаларынын бюджетин
бекитип берүү жөнүндө
2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Т.Ыдырысовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Ат-Башы тазалык» муниципалдык ишканасынын киреше жана чыгашаларынын бюджетин бекитип берүү боюнча материалдары толук болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ат-Башы тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Т.Ыдырысовдун 2024-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын;
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 11