Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ №4-7
23-январь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2024-жылдын 20-декабрындагы №2-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентине ылайык айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча депутаттардын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-декабрындагы “Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү жөнүндөгү” №2-2 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “Комиссиянын төрайымынын орун басары:” деген сөздөрдөн кийин “Муканмет уулу Анарбек;”деген сөздөр алынып салынып, ордуна “Жумалы уулу Максат” деген сөздөр менен толукталсын;
- Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан “Комиссиянын төрагасы:” деген сөздөрдөн кийин “Жумалы уулу Максат;” деген сөздөр алынып салынып, ордуна “Муканмет уулу Анарбек;”деген сөздөр менен толукталсын;
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 7