Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ №4-4
23-январь 2025-жыл Ат-Башы айылы
Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Жар айылына 120 орундуу бала бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А. Каленовдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Жар айылынын “Өмүракун Ата” паркынын түндүк тарабындагы бош жаткан муниципалдык жер аянтынан 120 орундуу бала бакча куруу үчүн 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы У. Мелис уулу
Каттоо № 4